#Ош. Памил чайы кайдан келген
1 августа, 2022Балким, Оштогу чайханалардан чай буйрутма берип жатып, сиз бул сөздү уккандырсыз. Көпчүлүк адамдар бул сөздү оштук говордун бир бөлүгү деп эсептешет. Бирок бул сөздүн кызыктыра турган пайда болуу тарыхы бар. Оштун улгайган адамдары жакшы кара чайды ушинтип аташат. Кыргыз тилинде бул чайды » кара чай » , же демделгенден кийинки түсүнөн улам » кызыл » деп аташат. Ошондуктан, Ошто болсоңуз коркпостон «памил чай » буйрутма бере бериңиз, сизге самаварда кайнатылган жыпар жыттуу чай алып келишет.
Эмнеге » памил чай » деп айтабыз?
Оштун жана Түштүк аймактын Орусия империясына кошулушу менен шаарда орусиялык соодагерлер жанданып, Кытай шаарлары, Афганистан, Индия менен соода ишинде белгилүү пайда алышкан. Эзелтен 19-кылымдан баштап эски Ош базарында орусиялык соодагерлер монополия жүргүзүп, Кашкарлык соодагерлерди ашып өтүшкөн.
Ошто биринчи жана экинчи гильдияда 26 орусиялык соодагер иштеген. Алардын 20сы Ош шаарында туруктуу жашаган. Эң ири соодагерлер Филатовдор жана Тузиндер болгон. 1914-жылга карай алар Оштогу кирешелүү жерлердин дээрлик баарын монополиялаштырып алышкан. Эски базардагы соода жүргүзгөн жерлерден башка шаардын дал өзүнө жаңы соода аянттарын ачышкан. Ошто ал имараттардын бөлүгү сакталып калган. Бирок жаңы курулуштар жүрүп, алар бир-бирден жоголуп бара жатат.
Оштогу эң белгилүү азык-түлүк дүкөнү орус соодагери Д.Л.Филатовго таандык болуп, ал дүкөндө кургатылган жер жемиштер, кумшекер, кофе, ун, таттуулар, ышталган азыктар, анан албетте чай сатылган. Жергиликтүү тургундар «фамильный чай» деген маркада сатылган кара Индия чайын сүйүп ичишкен. Жергиликтүү тилде «ф» тамгасы жок болгондуктан, «фамильный чайды» «памил чай» деп айтышкан. Ошентип өлкөнүн түштүгүндө жаңы сөз жайылган. Ал азык-түлүк дүкөндүн, соодагер Филатовдун жок болгонуна көп болду, мамлекет бир жолу алмашты, ал эми сөз ошол бойдон калды. Андан бери 100жылдан ашык убакыт өттү, а Ошто азыркы чейин кара чайды «памил чай» деп атап жүрүшөт. Петр Великий атындагы антропология жана этнография музейин ( Россия ) изилдегенде , «памил чай» жергиликтүү тургундар арасында дагы эки сортко бөлүнөрү айтылат. Биринчиси » тилан » (келами ) деп орто сорттогу чайды аташса, төмөнкү сорттогу кара чайды Фергана өрөөнүнө бөлүнгөн солдаттар сүйүп ичкендиктен » солдати » деп аташкан.
Ошол же ошол эмес Филатов
Ташкентте Саперный жана Куйлякский көчөлөрүнүн кесилишинде биринчи гильдиядагы соодагер Львович Филатовго таандык имарат болуп, ал Совет мезгилинде почта бөлүмү катары колдонулган. Замандаштарынын айтуусуна караганда Филатов бою кичине, сакалы узун, тамашадан алыс адам болгон. Ошондуктан ал өзүн Чернамор деп атаган. Жаш орусиялык соодагер 1865 — жылы Ташкентте пайда болгон. Самарканддын белгилүү илимпоз-филологу Рубен Назарьяндын vesti.uz сайтындагы макаласында мындай деп жазылат: » Биринчи версияга караганда Филатов биздин өрөөнгө чакан төө кербени менен Акмоладан ( азыркы Казакстандын борбору Нур-Султан ) келген. Кээ бир маалыматтарга караганда ал генерал майор Михаил Черняевдин аскерлеринин аскердик жашоого керектүү болгон тамак — аш , суусундуктарына жооптуу болгон. Башка версияда башталгыч соодагер бай сатып алуучу А.Ф.Поклевский Козелден карызга акча алып , ал акчага бир канча төө сатып алып , төөлөрдүн үстүн сапаттуу спирт менен толтуруп, Шымкентке кеткен.
Филатов Акмола ( азыркы Нур — Султан )шаарынын экинчи гильдиясынын соодагери болгон, шаардык кеңеште иштегенге да жетишкен. 1869 — жылы Филатов Самаркандга барып , ал жактан вино заводун ачкан. 1883 — жылы алардын заводунан чыккан » Биишты» аттуу винонун сорту Парижде өткөн вино жана коньяк көргөзмөсүндө алтын медаль алган. Филатов 1914-жылы каза болгон, бирок анын шарап сатып алуучуларынын сөзүнөн улам «Филатов каза болбой эле революциядан кийин чет өлкөгө качып кетти» деген айың кептер калк арасында көпкө жашаган.
Н.А.Варенцовдун «Көрүнгөн», «Угулган», «Кайра ойлонулган», «Кайра жашаган» ( Жаңы адабий карап чыгуу 1999-жыл ) аттуу эскерүүсүндө Филатовдун өмүр баянындагы кызыктуу учурлар көрсөтүлгөн: «Д.Л.Филатовдун аңгемелери да кызыктуу болгон. Ал жаш мезгилинде Россияда жок жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн Азия аны аябай кызыктыра турганын айткан. Ал аябай узак барган, жада калса жергиликтүү тургундардын туткунуна түшүп калуу тобокели бар эле. Ал жапайы жылкы, кабан, жолборс ж.б.ошол убактагы Орто Азиянын токойлорунда көп болгон жапайы жаныбарларга аңчылык кылган. Анын байкагыч жана жапайы жаныбарларды тутуу артыкчылыгы болгон. «
Улуу аскер башкаруучу жана мерген Филатовду суктануу менен уккан, жада калса Дмитрий Львовичтин берүүсү учурунда калтырып кеткен сөздөрүн кошкон, жана да белгилүү болгондой улуу аскердик башкаруучу калпка жол бербеген адам болгон, андайларга орой мамиле жасаган, ошону менен бирге ал Филатовду сыйлап, Самаркандда болгондо дайыма ага барып турган.
Текст: IncredibleOsh, кыргызча которгон Элесгул Сейиткул Кызы
Материалды даярдоо учурунда Туркистан элитасына арналган Наталья Паттонун vesti.uz сайтындагы беттер колдонулду/
Фото Pinterest