#Черемушки. Оштогу биринчи шаарчанын кичинекей тарыхы

#Черемушки. Оштогу биринчи шаарчанын кичинекей тарыхы

10 августа, 2022 Выкл. Автор IncredibleOsh

Мүмкүн, «Черёмушки» — элдик аталыш деп койсок болоор, себеби ал расмий түрдө эч жерде белгиленген эмес. Ошто мындай түшүнүктөр аз эмес, мисалы , Ош району, же Араванский.   Биздин версияда Оштун «Черёмушкаларынын» тарыхы 1938 — жылы советтик Киргизияга москвалык архитекторлордун тобу Кыргызстандагы айыл, шаарларды куруу жана реконструкциялоо тапшырмасы менен учуп келгенде башталган. 

Алардын арасында Одессадагы көркөм училищанын архитектура факультетинин бүтүрүүчүсү , таланттуу архитектор жана сүрөтчү Василий Змиевский болгон. Анын алдында кесиптештери менен бирге Фрунзенин жана Оштун курулушу боюнча ген.план түзүү тапшырмасы турган.Дал ошонун жетекчилиги алдында 1940 — жылы «Киргоспроект» Оштун курулушу жана реконструкциясы боюнча биринчи пландалган документти иштеп чыккан. Змиевскийдин ою менен шаарды пландоонун аралаш системасы сунуш кылынган. Бул планда шаардын көчөлөрү тик бурчтук сетка түрүндө жайгашып, радиалдык — шакекче түрүндө болгон. Мындай көрүнүш бир аз оңдоп — түздөө менен биздин күнгө чейин дээрлик сакталып калган.

Москвалыктар жана одессалыктар түзгөн Оштун биринчи  генпланы  

Экинчи дүйнөлүк согуш бул планга түздөөчү жумуштарды алып келди, ошондуктан жумушту токтотуп турууга туура келген. 1949 — жылы гана ошол эле долбоордук уюм топографиялык негизде Оштун биринчи ген.планын түздү. Бул ген.пландын авторлору Владимир Нусов (ал Өзгөндүн , Таластын генпланын иштеп чыккан, ОшМунун башкы корпусунун соавтору ), Леонид Куцемелов (ОшМунун башкы корпусунун соавтору, пионерлер үйүнүн, «Алай» мейманканасынын жаңы имаратынын автору ) жана инженер Любовь Хворостинская болгон.

1950 — жылдардагы Ошту кайра куруу бороону ар кандай этаптар менен 1980 — жылдардын аягында Оштун бир канча муундагы жашоочуларына жакын ( родной ) жана көнүмүш шаар катары көрүнүшү түзүлөт. Бул ири планды ишке ашыруу үчүн буга ылайык курулуш мекемеси болуш керек, ошондуктан 1962 — жылы Ошто облустагы биринчи ири такта заводунун курулуш иши башталган.  Бир жылдан кийин, 1963 — жылы оштуктар үчүн  ЖМИ — 4 деп белгилүү болгон темир — бетон заводун курушкан. Кичи райондун аймагында ( акыйкаттык үчүн айтуу керек, ал кезде » Черёмушки» деген сөздү дээрлик колдонушкан эмес) бир канча курулуш аянтчалары жайгаштырылган. 

[ Бенштин үй — бүлөсүнүн сүрөтү, 1988 — жыл. Сүрөттү камсыз кылган А.Бенш ]

«Биз » Черёмушкада» да, Юго — Востокто да жашадык. Эки кичи район тең балдардын элестетүүсүндө жогорку деңгээлде кызыктуу болгон. Эки башка экосистема. «Черёмушкиде» дайыма күндүн аптабынан дарактын көлөкөсүнө жашырууга болгон, ал эми Юго — Востокто үч суунун биринин жээгинде. Бирок эң жакшы достор албетте «Черёмушкиде » гана болгон. Мен 29 — балдар бакчасына барганмын, ал жактан мени Ломоносов атындагы мектепке бүтүрүп чыгарышты. Эсимде, Грензоводдо окуучулар ар жай мезгили сайын грен сорттоп акча табууга мүмкүнчүлүк алышкан. Менин тизмемде бир жумага созулган азаптуу күндөр жазылган — эрте менен саат 4тө туруп, 5те жумуш ордунда болуп калышың керек. Балдарды көзөмөлдөп агай түз мааниде таяк менен бекерчилерди сайгылап турган. Эч ким акы төлөйүн деген эмес. Эмгек акыны чоң атамын жардамы менен гана алууга болот. Ал мени колуман   жетелеп , Грензоводго чейин барып, эсепканага кирет да, офицердик  манерада бир нерселерди сүйлөп, 5 минуттан кийин акча менен чыгат « , — деп эскерет оштук Александр Бенш. 

Биринчи кезекте самолеттор!

Ал жылдары Оштун дээрлик баары кайра курулган, ар жыл сайын баягы эле тааныш окуялар болуп турган. 1963 — жылдын 11 — июлунда жергиликтүү аэропортко биринчи жолу алгачкы советтик турбовиттик авиалайнердин бири ИЛ — 18 Фрунзеден келип конгон. Бул башка модельдерден айырмаланып , башында граждандык самолет катары долбоорлоштурулган советтик авиалайнерлердин алгачкысы болгон. 1985 — жылдан баштап аны өндүрүү иши токтогон. Ушул сыяктуу самолетторду азыркы күнгө чейин дүйнө жүзүндөгү жалгыз Түндүк Кореянын Air Koryo авиакомпаниясы экспорттойт. 

Ошко кайталы, бул мезгилде арадан 2 жыл өтүп, 1965 — жылы транстяшаньдык ( ошол жылдары ушундай аталган ) узундугу 600км Фрунзе — Ош авто жолу пайдаланууга берилген. Бул жол ачылганга чейин авто сүйүүчүлөр Фрунзеге Ташкент аркылуу жетишкен. Дагы айтып жүрүшөт, Фрунзедеги Оштун ашканасын ашыкча сүйгөндөр түштөнүүгө Ошко самолет менен учуп келип, чыныгы Оштун самсасы менен ашына маашыр болушкан. Бактыга жараша, азыркы мезгилге караганда ал кезде рейс көп болгон. 

Эмнеге «Черёмушки»?

«Эсиме кирген мезгилден билем, алар дайыма » Черёмушки » деп аталган. Бул аталыш Москвага жакын айылдын аталышы, бардык » Черёмушкилер» ошол жактан келген. Биздин айылда анча — мынча кирпич үйлөр болбосо, көбүнчө жыгач үйлөр болгон. Ал жылдары биздин кичи район шаардын башка аймактарынан анча айырмасы жок эле. Эсимде, биздин кичи райондо кыргыздар жана өзбектер аз жашаган. Биз «Черёмушкага» 1964 — жылы көчүп барганбыз. Ата — энем Кубатбек Камчыбеков жана Сылыйка Усупова институтта окутуучу болушкан», — деп өзүнүн эскерүүсү менен бөлүшкөн оштук Нурлан Камчыбеков.

Расмий булактарда , анын ичинде 1987 — жылы чыккан ал кездеги жалгыз «Ошская область» маалыматтык китепчеде башка райондор жазылып, «Черёмушки» жөнүндө эч кандай эскерүү жок. Биздин окурман Нурлан Бөрүбаевдин  бул аталыш ВЛКСМ (азыркы Раззаков атындагы мектеп ) мектебинин тушундагы бир аталыштагы универмаг менен тыгыз байланышта. 

Эгер дагы терең казсак баары Москвага жакын жердеги «Черёмушки » айылынан башталган. Ал айыл 1958-жылдын 14-мартында Москва шаарынын схемасына кирген. Ошол жакта алгачкы » хрушёвдор » пайда болгон. Андан кийин бүткүл Советтер Союзундагы «хрушёвка» бар кичи райондорду «Черёмушки» деп атап калышкан. Бул версия советтик белгилүү » Тагдыр тамашасы же жеңил бууңуз менен» киносунун башында ( 05:20 — 06:42 ) да эскерилет. 

Компаниянын курулуш ишин пиарлоо үчүн 1963 -жылы Дмитрий Шостаковичтин » Москва, Черёмушки» киноверсиясына «Черёмушки» аттуу мюзикл тартылган. 1963 — жылы советтик прокатта  ал 9 — орунду ээлеп, 29миллионго жакын көрүүчү топтогон. Түбөлүктүү»Черёмушки» үчүн мына ушундай күчтөр жумшалган. 

ВЛКСМ мектеби vs Терешкова  атындагы мектеп-интернаты

«Биздин ВЛКСМ атындагы эң мыкты мектебибиз болгон. Ал мектепте кыйын мугалимдер өтө көп болгон, баарын эстөө мүмкүн эмес. Алардын камыры башка болгон, азыр андайлар жок. Университеттен кийинки үй — биздин үй болгон, а жолдун аркы бетинде спорт аянтчасы жана чоң багы бар мектеп болгон. Эч кандай тосмолор болгон эмес! Ошон үчүн мектептин короосу биздин корообуз болгон,» — дейт Нурлан Камчыбеков.

«Черёмушкиде» бири — биринен бир кадам аралыкта математика уклону менен ВЛКСМ мектеби жана 1964 — жылы ачылган Терешкова атындагы мектеп — интернаты жайгашкан. Интернат Школьная көчөсүндө, а математикалык советтик революционер Петрограддын атына коюлган Урицкий көчөсүндө болгон. Ленинге кол салуу жана Моисей Урицкийдин  өлтүрүлүшү 1918 — жылдын 30 — августунда болгон. Ошол эле жылдын 2 — сентябрында окуя боюнча «кызыл террор» провокация кылганын Яков Свердлов жарыялаган. ВЛКСМ мектебинде шаардык балдар билим алган, ал эми интернатта ( ал жакка кирүү кыйын болгон, себеби үлгүлүү интернат болчу) Ош облусунун колхоз, совхоз балдары окуган. Ал кезде Жалал — Абад, Баткен облустары болгон эмес, баары бир Ош облусу болгон. 

«Мектептин директору Светлана Михайловна Карпушкина болгон, ал бизге тарыхты окуткан. Жарым кылымды биздин мектепке арнаган. Ал жөнүндө жазынызчы, сураныч, ал «Черёмушкинин» бардык муундагы адамдарынын эсинде,» — дейт Нурлан Камчыбеков.  

Шакекче » Черёмушкилер»

Кичи райондун өзгөчөлүктөрүнүн бири 3 жана 3А каттамдагы 2 автобус линиясы болгон. Ал шакекче түрүндө жүргөн. Кичи райондун улгайган тургундарынын эскерүүсүндө бул өтө ыңгайлуу маршрут болгон. Ал жактан 8 — маршруттун кыймылы токтогон. Троллейбус жана венгердик «Икарустар» шаардын башка жолдору менен жүргөн. «Черёмушки» ичинде эски, биз сүйгөн ЛАЗдар каттаган. 

Албетте, ар бир кичи райондун тайманбас, бейбаш балдары болгон. Бирок, менимче алар «Черёмушкиде» эң, эң көп болгон. Дагы бир маанилүү фактор, биздин мектептин жанында 2 жатакана бар эле. Бири «Ошкурулушка» таандык болсо, экинчисинде шарттуу соттолгондор жылдап жашаган. Мүмкүн ошон үчүн «Черёмушкидеги» балдар белгилүү түшүнүктөгү «ээнбаштык» кылышкан эмес,» — дейт Нурлан Камчыбеков.

Кичи райондун улгайган тургундарынын айтымында кичи райондо кафе дээрлик болгон эмес. Тез тамактанганды сүйгөндөр чогулган бир гана жер — буфет болгон. Азыр ал жерде чоң чайханасы менен мончо  орун алган», — деп эскерет Нурлан. 

1966 — жылы «Черёмушкинин» так ортосундагы Шота Руставели көчөсүндө Оштогу эң чоң экрандуу «Кыргызстан» кинотеатры эшигин ачкан. Анын жалгыз залы 625 орундуу болгон! Дал ушул Оштогу эң ири кинотеатр болгон. Мисалы, 1963 — жылы курулган «Космос» кинотеатры (азыр Ош областтык филармония ) 400 орунга ылайыкташтырылса, «Семетей» кийин курулуп, 600 орундуу болгон. 

«Биринчи «Кыргызстан» кинотеатрына барганым эсимде, ал бала бакча кезимде болгон. Андан кийин андай кинолорго миңдеген жолу бардым. Ал кезде киносеанска акысыз кирүү даңаза болчу. Ал үчүн элдин арасында билинбей кирип кетүү, же жарык өчкөндө чатыр аркылуу экранга түшүп, акырын залга жетиш керек болчу,» — деп оштук Нурлан өзүнүн балалыгын эскерет.

1984 — жылы дал ушул «Киргизия» кинотеатрында оштуктар үчүн Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан» аттуу киносүрөтү көрсөтүлгөн. Ага көпчүлүк көрүүчүлөр «20 — кылымдын пираттары » киносүрөттөн кийин белгилүү болуп ойгонгон Талгат Нигматуллинди көрүү үчүн барышкан. Буга кошумча, Талгаттын теги шахтёрлор шаары аталган Кызыл — Кыя шаары болгон, а ал кезде Кызыл — Кыя Ош облусунун курамында болгон. 

Оштук Александр Собяниндин эскерүүсүндө «Черёмушки» өнөр жайлуу ХБК же жол бойлой созулган Юго — Восток кичи райондоруна салыштырмалуу гүлдөп — өскөн кичи район болгон. Ал эми Нурлан Камчыбековдун аңгемесинде «Черёмушки» короолорду суу каптап, конькиде хоккей ойнолгону менен башка кичи райондордон айырмаланган. Ал кезде жасалма балатылар жок болчу, баары жандуу балаты коюшчу. Жаңы жыл майрамында бардык үйдө ийне жалбырактуу токой жыттанып турчу. Балатыларды түз короого алып келишчү».

Текст: lncredibleOsh, кыргызча которгон Элесгул Сейиткул Кызы

Сүрөттө: Ош, 1976 — жыл. Сүрөттүн автору белгилүү Оштун сүрөтчүсү , 1929 — жылы Казакстанда төрөлгөн Леонтий Горбунов. 1956 — жылы Фрунзедеги сүрөт училищасын бүтүп, Ошко көчүп келген. Горбунов 2013 — жылы каза болгон. Каза болоордон бир нече күн мурда өзүнүн 30 эмгегин Айтиев атындагы көркөм өнөр мектебине жана Ош областтык  Сыдыков атындагы көркөм өнөр музейине берип кеткен. Калган сүрөттөр ачык маалымат булактарынын архивинен алынды. Эгер сиз авторлорун билсеңиз, бизге жазып коюңуз. 

Поделиться ссылкой: