Бабурдун хужрасынын курулганына  526 жыл же Беназир Бхуттонун Ошко болгон сапары жөнүндө

Бабурдун хужрасынын курулганына  526 жыл же Беназир Бхуттонун Ошко болгон сапары жөнүндө

14 апреля, 2022 Выкл. Автор IncredibleOsh

Ош шаарынын чок ортосунда орун алган  Сулайман тоодогу  Бабурдун «үйүнүн»  тарыхы жөнүндөгү туристтик буклеттердеги  жана сайттардардагы маалыматтарды  кайра жазып чыгууга убакыт келди. Аны менен бирге Пакистандын премьер-министри Беназир Бхуттонун 1995-жылкы Ош шаарына күтүлбөгөн сапары учурундагы  көпчүлүккө белгисиз маалыматтарды айтып бергибиз келет.

Алгач, Захир ад — дин Мухаммед Бабурким болгонун эстейли . Бабур атасы жагынан Темирлан, баатырдын, ал эми энеси тарабынан  Чынгыз хандын тукумунан болгон. Ал Анжиянда 1483 жылы 14-февралда туулган.  Атасы каза болгондон кийин   ,такты үчүн катуу күрөш башталып, ал жеңилип калган, анда Бабур болгону 11 жашта эле. Амбициясы күчтүү жигит бийликке болгон дымактуу ой тилектерин өчүрбөстөн, аракетин  келечекте өзүнүн мусулман империясын түптөгөн Индия жакты көздөй бурган. Ал ортодо Анжиян менен Оштун ортосунда султандын тукум улоочусу катары жашоонун жыргалчылык доорун сүрөт. Тарыхый маалыматтарга таянсак, Бабур хужрасын Ошто жүргөндө 13-14 жашында Сулайман тоонун чокусуна өзү курат.

Бул хужраны кийин кандай деп гана аташкан эмес. Эмнегедир гиддер Бабурдун» үйү » деп аташат  » Сулайман тактысы мечити». Бирок Бабур өзү  белгилүү автобиографиялык «Бабур наме»трактатында: «Чептин түштүк-чыгышында Бара Кух деп аталган кооз тоо турат. Бул тоонун чокусунда султан Махмуд хан хужра салганАнын ылдый жагына, тоонун чокусуна, мен дагы тогуз жүз экинчи жылы айванчасы (айван түштүк дилектиси боюнча чакан веранда) бар хужра  курдум» деп жазган. Анын хужрасы меникинен жогору турса дагы, меники мүлдө жакшы жайгашкан: анткени бүтүндөй шаар жана анын жака белдери алаканга салгандай көрүнүп турат«.

Мусулмандар хужра деп медреседеги зыяратчылар намаз окуп, эс алуучу кичинекей бөлмөнү аташат.

Туристтик буклеттердеги тексттерди оңдоп Бабур сыйынуу үйүн курганына 2022-жылы 526 жыл болгондугун жалпыга  эскерте турган мезгил келди окшойт. Могол империясынын негиздөөчүсү «Бабур-наме» трактатында хужра Мусулман жылнаамасы боюнча 902-жылы  курулган, ал эми  биз азыр колдонуп жаткан григориан жылнаамасы  боюнча 1496-жылга туура келет деп ырастайт. Демек, атактуу Бабурдун «ак үйүнүн» мааракеси!

Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин имарат сакталган эмес, ал 1963-жылы динге каршы саясаттын жүрүшүндө талкаланган. Ошол эле учурда Ош шаарынын мусулман жамаатынан Сулайман тоосунун түндүк капталынан байыркы рабат Абдулла-хан II нин мечитин да тартып алышкан.

Ош шаарын 1950-1960-жылдары ири реконструкциялоо иштерин жүзөгө ашыргандардын бири архитектор Леонид Куцемелов имараттардын диний мүнөзүнөн тышкары, алардын маданий жана тарыхый баалуулугу жөнүндө маселени көтөрүү менен, Оштун хужрасын жана башка сыйынуу жайларын кыйроодон сактап калууга аракет кылган.

Тилекке каршы, Куцемеловду угушкан эмес рабат Абдулла-Хан II  мечитинен башкасынын баары түп тамыры менен бузулганбазага чейин талкаланган. Маданий жана тарыхый баалуулугу бар талкаланган имараттарды реконструкциялоо  маселеси 1980-жылдардан баштап Ошто  биринин артынан бири көтөрүлгөн археологиялык экспедициялар биринин иштеп баштаганда көтөрүлгөн. Андыктан  Бабурдун үйүн калыбына келтирүү  бул шаардын мусулман жамаатынын  гана кызыкчылыктарын көздөгөн чукул чечим болгон эмес.

Бабурдун хужрасын калыбына келтирүү жөнүндө чечим 1986-жылы кабыл алынган! Аны ишке ашыруу үчүн «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө  бюросу тарабынан долбоор иштелип чыгып, Бухара жана Хивалык  чеберлер менен биргеликте ишке ашырылган.

Белгисиз себептерден улам, калыбына келтирилген версия түп нускасынан такыр башкача болуп калган, имараттын оригиналы менен жаңысынын сүрөттөрүн салыштырганда абдан байкалат. Бабурдун үйүндөгү намазкананын жаңы варианты көпчүлүккө жакпай калган.

Реставраторлорго жана куруучуларга бүтүндөй шаар көмөктөшкөн. 1989-жылдагы Бабурдун  үйүн калыбына келтирүү иштери  бардык шаардыктарды бириктирген. Оштуктар Ленин көчөсүнөн баштап тоонун түндүк тарабынан чокусундагы аянтчага чейин чынжыр сымал тизилишип ылдыйдан өйдө жакты көздөй кыш, курулуш материалдарын, суу жана башка керектүү буюмдарды  бири бирине колмо-кол беришкен.

«Курулуп бүткөндөн кийин, зыяратчылар Тоону суудай каптап келе башташкан. Апам экөөбүз дээрлик ар дем алышта  Бабурдун үйүнүн жанына сыйыныш үчүн тоого  чыккан күндөрүм эсимде. Биз отургучтарда отурганда реибиз шорголоп куюлчу, анткени тоонун  үстүндө көлөкө жок, бардык жерде эл толтура. Хужрага кирүү мүмкүн эмес болчу. Кийинчерээк ОшМУга окугандан кийин Нооруз майрамын так тоонун этегинде майрамдаганыбыз эсимде, ал кезде сүмөлөк үчүн чоң казандарды тоонун жанына коюуга уруксат берилчи, орто кылымдагы мончолордун калдыктары көрүнүп турчу азыркыдай чөп басып топурак алдында кала элек эле»,- деп эскерет Али аттуу Оштун тургуну.

Кээ бир  шаардыктарда бул ашардын видео тасмасы да сакталып калган, бирок бизге белгисиз себептерден улам, алардын бири да оштуктар  Бабурдун хужрасын кантип калыбына келтиргенин эске салуу  үчүн архивдик видеотасмалар менен бөлүшкүсү келбейт.

Эмне үчүн  Бабурдун хужрасын «ак үй»деп аташкан?

Көп жылдан бери ошандыктарды өз ара худжра Бабур «ак үй»деп атап келишкен. Могол империясынын келечектеги негиздөөчүсүнүн  хужрасынын бул расмий эмес аталышы алгач  «Ош Шаары» деген аталыштагы  Т. Айдашевдын аймактар тууралуу тарых баянында аталган.

«XV кылымдын  экинчи жарымында Анжиян ханы Султан Махмуд тоонун чокусуна үй курган. Ал акиташ, бор жана бышкан кыштын аралашмасынан курулган. Үй ак түстө,болгондуктан «ак үй»деп аталып калган. Кийинчерээк 1496-1497-жылдары Захиреддин Мухаммед Бабур да айванчасы менен кичинекей үй курган, бирок ал көп өтпөй талкаланып калган».

Шаардыктар үчүн эки хужранын  көп деле айырмасы болгон эмес, ошондуктан биринчисин да, экинчисин да «ак үй» деп аташкан, айтмакчы, Ош жөнүндөгү бул  очерк 1968-жылы шаардын  реконструкциясы кызуу жүрүп жаткан кезде чыккан! Анын максаты жаңыланып жаткан Ош шаары тууралуу баяндоо болсо керек.

Беназир Бхутто Ошто

Пакистандын Кыргызстандагы биринчи элчиси Назар Аббас атайын  The Friday Times үчүн Кыргызстандагы алгачкы күндөрү жөнүндө макала жазган, анда Беназир Бхуттонун Ошко болгон иш сапары тууралуу да сөз кылган. «Мени Кыргызстанга элчи кылып дайындаганда Австралияда иштеп жүргөм.  Мен Канберрадан Бишкекке чейин авиабилет сатып алууга аракет кылдым. Бирок ошол жерде Бишкек кайда экенин жана ал жакка кантип жетүү керектигин эч ким билбейт экен. Мага алгач Пакистанга ал жактан Алматыга учуп анан   Бишкекке чейин унаа менен келүүгө туура келди.Ал арада  Беназир Бхутто Кыргызстанга Манастын 1000 жылдыгына арналган мааракеге чакырылды, бирок кыргыз тарап ал кезде биздин Бишкекте дипломатиялык өкүлчүлүгүбүз жок экендигин эске салып, мен премьер-министр келгенге чейин Пакистандын Кыргызстандагы элчилигин тез арада ачышым керек болду. Анын келээрине  бир нече саат калганда  мен президент Акаевге ишеним грамоталарын тапшырып, аэропортко жөнөдүк. Башында программада Ошко сапары жок болчу. Бирок президент Акаев биз сөзсүз ал жакка учуп барып,  Бабурдун хужрасын көрүшүбүз керектигин айтты«,- деп эскерет Пакистандын Кыргызстандагы биринчи элчиси.

1995-жылдын июль айынын аптаптуу күндөрүнүн биринде Ошко Беназир Бхуттонун учагы конду. Пакистандын премьер-министринин коштоосундагылар ал музей комплексин гана көрүү менен чектелээрин ал кош бойлуу болгондуктан тоого чыкпайт экенин айтышты. Бирок, музейден кийин кыргыз аткаминээрлерин таң калтырып, жергиликтүү экскурсоводдор менен журналисттерди суктандырган Беназир Бхутто андан ары тоого чыгып кеткен.

Адатта, расмийлер унаа менен жергиликтүүлөрдүн  коштоосунда музейге келип, атактуу биринчи кабатты айланып өтүп кетишчи! Жада калса музейдин бүтүндөй шаар көрүнгөн террасасына да көтөрүлүшпөчү, ал эми бул жогорку даражалуу чет элдик конок айым  Сулайман тоосуна келген башка жөнөкөй зыяратчылар сыяктуу  Тоону толугу менен айланып чыккан. Анын артынан КР өкмөтүнүн башчысы Апас Жумагулов узатып жүрдү,  ошондой эле Оштун губернатору Жаныш Рустенбеков тердеп бурдап улам чекесинин терин сүртүп араң үлгүрүп жүрдү. Пакистандын аткаминерлери эч нерсеге таң калышкан жок, бирок жергиликтүүлөр бул күндү каргап жаткандай сезилди, анткени алар ыңгайлуу унааларын таштап, жөө жүрүүгө аргасыз болушту да…

Бир жагынан костюм шым кийген ондогон чымыр денелүү эркектер, ак жоолук жана анын үстүнөн  бейсболка кийген  бир аялдын башкаруусунда баратканы да кызыктуу көрүнүш болгон.

Беназир Бхутто Пакистандын улуттук кийимин кийип жоолук салынып  үстүнөн саркеч бейсболка кийип алып тоого жөө чыккан.

Тоого ким көп чыккан болсо  түштүк жана түндүк капталдарынын  кээ бир жерлеринде тепкичтер дээрлик жок экендигин жана анын ордуна оркойгон, тайгак таштар менен чыгыш керек  экендигин байкаса керек. Тоого чыгуу татаал болгонуна карабастан Пакистандын өкмөт башчысы Бхутто токтобой чыгып Бабурдун «үйүнүн» жанында гана бир ирет тыныгып  дубаларын  окуп, сыйынып анан  ылдыйда күтүп турушкан оштуктарга түшкөн. 

«Күүлүү күчтүү, тажрыйбалуу туристтер үчүн да тоого саякаттоо оңойчулукка турган эмес, бирок Мохтарма (элчи Беназир Бхуттону ушинтип атаган) айланасындагылардан да жергиликтүүлөрдөн да алда канча озуп чыккан.   Бир бөлмөлүү мечитте премьер-министр  Динмухаммад аттуу имамга  200 доллар берип, анын атынан  курмандыкка эчки союп,  этин колунда жокторго таратып берүүсүн суранган. Артка  башка жол менен кайтышкан анда дагы  кайрадан Мохтарма лидерлигин көрсөткөн. Тоо этегинде көп  адамдар, негизинен аялдар жана балдар ыр бий менен тосуп алышып, салттуу түрдө нан ооз тийгизишти. Андан кийин ага Беназир аттуу анын ысмы менен ат коюлган жети кызды алып келишкен. Ал аларды көрүп кубанып, мага алар үчүн ылайыктуу белектерди даярдап берүүнү  суранды. Жети кыздын бирөөсү Кыргызстандын  вице-премьеринин кызы болгон. Беназир Бхутто эгер совет мезгилинде кыздардын арасында эң популярдуу ысым  Индира болсо, азыр Беназир эң популярдуу экенинен кабардар болчу», — деп Пакистандын Кыргызстандагы биринчи элчиси Назар Аббас эскерет. Оштуктар  Беназир Бхуттону жылуу тосуп алышты, анын жергиликтүү атка минерлерге салыштырмалуу анын жөнөкөйлүгүнө таң кылышып  анын сулуулугуна суктанышты.  Ал  Ош шаарынан түздөн-түз Исламабадга учкан.

Туура 10 жылдан кийин, тагыраак айтканда, 2005- жылдын 7-мартында Ошко Пакистандын президенти  Первез Мушарраф кыска сапары менен учуп келген, ал дагы областтык администрациядагы протоколдук жолугушуулардан кийин, жубайы менен кошо Бабурдун хужрасынын кашында отуруп сыйынып  тоого жөө чыгып  кыдырып түшкөн. Жергиликтүү аткаминерлер Пакистандын делегациясына арнап Пакистандын Президентин таң калтырышып так хужранын алдында  курмандыкка кой союшат. Көпчүлүктүн арасынан бир киши чыгып  койдун буттарынан  кармап оодара салып аны курмандыкка чалганда президенттин жубайы чоочуганынан хужранын эшигин көздөй умтула басат. 

Беназир Бхуттодон айрымаланып Первез Мушарраф оштуктар менен тоо  этегинде жолукбастан тоодон түшүп  дароо эле аэропортко барып, ал жерден түз эле  Пакистанга учуп кетет. Беназир Бхутто да  жана Первез Мушарраф да Бабурдун элесин сыйлап, Оштуктар менен Сулайман тоого зыярат кылышкан.

Беназир Бхутто Ош шаарына болгон сапары эсте калсын үчүн, Сулайман тоосунда Бабурдун үйүнүн жанындагы таштардын ортосуна арча отургузуп кетет. Арча  Оштун ысыгына туруштук бере албай куурап калган, ал эми көрсөткүч тактасы  узак убакыт бою куурап калган бактын жанында сакталып турган. Ага эч ким Оштун климатына чыдай турган бадам же өрүк отургузууну сунуш кылбаганы таң калтырат! Арчаны ким отургузат Сулайман тоонун чокусуна ал жерде арча эмес  жайдын аптабында чөп өзүнөн өзү өрттөнүп кетет эмеспи.

Мындан бөлөк бир дагы жогорку даражалуу чет элдик конок Сулайман тоого жөө чыгып зыярат кылган эмес. Баардыгы эле салтуу түрдө унаа менен көнүмүшкө айланган маршрут боюнча чыгып коюшат. 

Пакистанда Индостан жарым аралынын тарыхында мусулман мезгилине тиешелүү бардык нерселер, өзгөчө Бабур негиздеген Могол империясы менен байланышкан доор жогору бааланат. Пакистандыктар канаттуу ракетасын да анын урматына Хатф-VII Бабур деп аташкан.

Бабурдун мурасына байланыштуу көп нерселер Индияда жана Афганистанда жайгашкан. Атактуу Тадж-Махалды анын тукуму шах Жахан курган, ал эми Могол империясынын гүлдөгөн мезгили Бабурдун небереси Улуу Акбардын башкаруу дооруна туш келет.  Баса, Таж-Махалдын башкы архитекторлорунун бири тоолуу Бадахшандан чыккан Ахмад Лахаури уста болгон , ал Делиде белгилүү Кызыл чепти да курган. Аградагы Индиялык экскурсоводдор Таж-Махалды курууга активдүү катышкандардын бири катары  эфенди Иса Мухаммеддин атын да көп эскеришет. Улуу Бабур өзүнүн тирүүсүндөгү буйругу боюнча сүйүктүү Кабул калаасында, өз колу менен өстүргөн бакчасына коюлган.

Эмне үчүн  Бара Кух эмес Сулейман тоо

Айдашев 1968-жылы өзүнүн «Ош шаары» деген аймактык очеркинде ошол кездеги коммунисттик идеологиянын таасири астында; «демилгелүү шейхтер жана молдолор өзгөндүк  кадыр-барктуу төрөнү Сулайман пайгамбарга, ал эми Анжиян Ханы Султан Махмуддун үйүн Сулайман пайгамбардын үйүнө айландырышты» деп жазган.

XVII кылымдан баштап Бара-Кух тоосу Сулайман тоо деп атала баштаган,  тарыхчылардын айтымында андан бери жагы  башка окуя. Ал тууралуу өзүнчө баяндайбыз. Жана дагы бир катар изилдөөчүлөр  Бабурдун хужрасы өткөн кылымдын ортосуна чейин сакталышы мүмкүн эмес, андыктан ошол кездеги сүрөттөрдөгү бул  Бабурдун  Султандын Махмуд аттуу абасынын хужрасы болгон дешет. Бирок, бул башка окуя. Бул версия боюнча айта турган сөзүңүздөр болсо, бизге жазыңыздар. Келгиле, шаардын тарыхын чогуу жазалы.

Текст: IncredibleOsh. Кыргызчага которгон Гүлжан Алтымышбаева.

Беназир Бхуттонун сүрөттөру Бегижан Ахмедовдун архивинен, ал эми Бабур үйүнүн сүрөттөрү  ачык архивден алынган. Бабурдун хужрасынын жаңы сүрөттөрү Эрнис Нурматовго таандык.

Башка сүрөттөр Friday Times

Поделиться ссылкой: