Көп түрдүү #Ош. Адам өмүрү шаар тарыхынын бир бөлүгү
3 ноября, 2025Эски Ошту элестеткенде, Анара Кадырбаева көз алдына биринчи болуп үйүнүн короосу тартылат. Чыңк эткен арык суусу, чынардын көлөкөсү, базар тараптан алдырып турган таттуу жыты. Анын үчүн Ош жөн гана шаар эмес. Бул анын балалыгы, жаштыгы, кесиби, тагдыры. Бир короодон башталып, бир көчө менен бүтүп турган бүтүндөй өмүр.
Анара Кадырбаева: ойчул, «Аалам–адам таануу» программасынын автору жана тренери, адамзаттын өнүгүү келечегин изилдөөчү, котормочу, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык байланыштар боюнча эксперт, коомдук ишмер.

«Эски Оштун жыты башка эле… Аны эч ким сөз менен толук сүрөттөй албайт», — дейт ал бозомук жылмаюу менен.
Балалык жай аккан убакыт
Анара эже бала чагын азыркы Алымбек Датка, мурунку Сталин көчөсү менен эстейт. Ал кезде шаар таптаза, ар бактын өзүнүн үнү, өзүнүн жыты бар болчу. Үйдүн жанындагы арыктан күн-түн дебей тунук суу агып өтөт. Көчөдөгү төрт чоң чынар, бешинчи дарыкана, Токтогул багынын жытын азыр да айкын эстейт.
«Үчөөсү жок болуп кетиптир… Андай чынарлар азыр дээрлик жок», — деп үшкүрөт ал.
Ошол кезде базарды «базар» деп айтчу эмес. «Эски шаар» деп койчу. Бүгүн бул сөздү эч ким колдонбай калды.

Анара эженин эсинде ата-энесинин бир адаты терең сакталган. Жекшемби сайын алар балдарын алып шаарды аралап, ар имаратты, ар аянтты, ар паркты көрсөтүшчү. Атасы жаңы ресторандардын курулушун, театрларды, көлмөдөгү кайыктарды, суудан секирген балдарды майда-чүйдөсүнө чейин айтып берет. «Залдардын түстөрүнө чейин түшүндүрүп берет эле. Ар бир жаңы имаратты сөзсүз көрсөтчү». ГТС станциясы, музейлер, биринчи ачылган телевидение. Баары анын көз алдында өскөн, кеңейген, өзгөргөн Ош.
Көп улуттуу короолор чай, сүмөлөк
Анара эже Оштун эң чоң байлыгын кыска гана айтып коёт. Бул көп улуттуу коңшулар. Орустар, украиндер, армяндар, немистер, өзбектер, татарлар, башкырлар, корейлер, тажиктер, түрктөр, казактар, еврейлер баары бир короодо жашап, бир чайдан ичип, бир көйгөйдү бөлүшүп, бир балалыкты өткөргөн. «Ынтымак башкача болчу. Аталар шахмат ойнойт, апалар кыямдардын рецептерин бөлүшөт, биз болсо концерт коюп беребиз». Пасхада жумуртка боёп беришет. Ноорузда жаңы көйнөк кийген балдар көчөгө чыгат. Сүмөлөктүн жыты короону толтуруп, түн ортолоруна чейин күлкү угулат.
Анын айтымында мурда Ошто автобуска тыкан кийинип чыгышчу, китепканаларда орун табуу кыйын болчу, кино, театр — кадимки күнүмдүк маданияттын бир бөлүгү эле. «Ошол жылдар шаарды маданий тарбиялап тургандай сезилчү», — дейт ал.
Ош адамдарынын мүнөзү жумшактык, сылыктык жана сый
Анын айтуусунда оштуктар өзгөчө мүнөзгө ээ. Жумшак сүйлөйт, түз айтпайт, көңүл оорутпоо маданияты күчтүү, конок келсе, бардыгын унутуп, сыйлоого киришет. «Конокко тамак гана эмес, көңүл берилет», — дейт Анара Кадырбаева. Анара эже жашаган калаанын көп имараттары азыр жок. Алардын ичинен эң өкүнүчтүүсү — Ак-Буура рестораны. «Ал кыйраганда ыйлагам… Ал жерде музыка жаңырып, адамдар жай отурчу. Өзгөчө ресторан эле». Шелкокомбинат, Памир рестораны, 18-почта, эски универмагдар баары анын эсинде шаар тарыхынын өчпөгөн барактары катары жашап калганы.
Анара эже үчүн Оштун жыты — бул:
– нокоттун буусу,
– майда мантынын буусунун ыссыктыгы,
– базардагы мөмө-жемиштердин түсү, даамы,
– кургатылган жемиштер,
– дарбыз-коондун таттуу деми,
– көчөлөрдөгү тазалыктын жыты…
«Бул жытты түшүндүрүү кыйын. Аны ар ким өзү гана сезет».

Адам өмүрү шаар тарыхынын бир бөлүгү
Анара Кадырова төрөлгөн, өскөн, окуган жана иштеген көчөлөрдүн аталышы гана алмашканы менен, өзү ошол эле көчөдө өмүр бою жүргөнүн эми түшүнөт. Мурдагы Сталин, Свердлово, Ленин; азыркы Алымбек Датка. Киров, Калинин мектептери, ОшМУнун чет тилдер факультети. Эски мэрия, обл админстрация, кийин ЮНИСЕФтин кеңсеси — баары ошол эле көчөнүн бою менен. «Азыр ойлосом, бүт өмүрүм ошол бир көчөдө өтүптүр», — деп жылмайат ал.
Анара эженин эскерүүсү бул жөн гана бир адамдын баяны эмес. Бул Ош шаарынын өзгөргөн, өскөн, жоголгон, кайра жаралган тарыхы. Шаардагы имараттар урашы мүмкүн, көчөлөр өзгөрүшү мүмкүн. Ош ошолорду эстеген адамдардын жүрөгүндө жашай берет.
Текст Incredible Osh
Бул басылма БУУӨПтүн жана БУУнун Тынчтык куруу Фонду каржылаган «Чыр-чатактын алдын алуу жана тынчтык орнотуу үчүн улуттук потенциалды чыңдоо: ишеним жана социалдык биримдикти курууда жарандык коомдун маңыздуу катышуусу» долбоорунун алкагында даярдалды




