Комуздун үнү менен жүрөктөрдү багынткан артист
3 ноября, 2025Гүлшада Таласова Алай районунун Кабылан-Кол айылында Муса жана Жамал Толасовдордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үйдө 11 бала төрөлүп, алардын тогузу чоңоюп, өз тагдырын тапкан. Кенжеси болгон Гүлшада — ата-энесинин мээримин да, айылдын эмгегин да тең сезип өскөн. Анын сахнадагы жана театрдагы иши — ар кайсы муундарды, балдарды жана чоңдорду бириктирген, музыка аркылуу коомдук биримдикти бекемдеген маданий миссия.
Гүлшада Таласованын балалыгы — эркиндик, ачык асман, мал артынан баскан жөө жолдор, топ таш ойногон балалык жана үйдүн күнүмдүк ишине кошкон салымы менен коштолгон. Бирок ошол жылдары андан ичиндеги күч — бул обон болчу. Жакындары аны «сүйлөгөндөн мурда ырдаган» деп көп айтышат.
Биринчи сахна: айыл мектептеринен башталган кыял
Ага бул талант ата-энесинен өткөн. Айылда музыкалык мектеп жок. Бирок чакан ийрим болгон. Бирок Гүлшаданын жүрөгүндөгү музыкалык дүйнөнү толук ачууга ал жетчү эмес. Ошентсе да, ар бир иш-чаранын сахнасында элдик кыргыз ырларын аткарып, мектептин чыныгы жылдызына айланган.
Алгач ирет «Жаныбарым, Гүлсары» ырын аткарганда айылдаштар кыздын үнүндөгү күчтү байкашкан. Ыр менен дүйнөнү түшүнгөн, ыр менен тагдырын тааный баштаган убак ошондо башталган.
Үйдө музыка өзүнчө бир өнөрдөй болчу: атасы комуз чертип, апасы элдик ырларды созуп ырдачу. «Алардын үндөрү — менин өмүрүмдүн алтын эстелиги», — дейт Гүлшада.
Билим жолунда: айыл кызынын чоң дүйнөгө кадамы
1993-жылы Гүлшада Ош мамлекеттик университетине тапшырып, «музыка мугалими» адистигин тандайт. Теория, сольфеджио, фортепиано — баары ага жаңы ачылган аалам сыяктуу көрүнгөн. Биринчи жолу ак-кара клавиштерге тийген күнүн ал бүгүн да жылуу эстейт:
«Клавиштер мага сырын ачкандай, ойгонгон дүйнөдөй сезилген».
Окуу жылдары — өлкө үчүн да, студенттер үчүн да оор убак. Бирок ал чыдаган, токтоп калган эмес. Музыкага болгон ишеними аны алдыга сүрөп турган.
Филармониядагы алгачкы чоң сахналар
1997-жылы Гүлшада Ош облустук филармониясына артист болуп кабыл алынат. Бул — анын чоң жолдомосу. Гүлшада көптөгөн белгилүү инсандар менен бир сахнада ырдады. Алар Токон Эшбаев, Жолбоду Алыбаев, Бабаравшан Тургунбаев…
Кичинесинде суктанган Шахра Талипова, Саламат Садыкова, Гүлсүн Мамашева менен кийин бирге концерттерде чыгып, өзүнүн бул жолду бекер тандабаганын түшүгөн. Анын үнүн көптөр Гүлсүн Мамашеванын сопраносуна окшоштурушат.
Артисттик жол: сыноолор, күч жана устаттык
Артист үчүн баштапкы жылдар дайыма жеңил эмес. Айлык аз, гастрол көп, күнүмдүк чыгымдар оор. Бирок Гүлшада чынчылдыкты жана профессионализмди жоготпой, ар бир сахнаны баалап ырдады. Тойлордо, ар түрдүү иш-чараларда ырдоо — кээде жеңил эмес, бирок бул анын чыныгы мектеби болду.
«Эл тамак жесе да, көңүл бурбаса да, сен сапаттуу ырдашың керек. Артисттик — бул жоопкерчилик», — дейт ал.
Кээде фонограмма колдонууга туура келчү, бирок комуз менен чыкса — сөзсүз жандуу үн менен ырдайт. Артист үчүн үндү сактоо — өзүн сактоо менен барабар. Суук нерсе жебейт, ооруса — уюштуруучуларга айткандан тартынбайт.
Комуз: жүрөктүн экинчи тили
Гүлшада адегенде башка комузчулардын коштоосунда ырдачу. Бирок бир күнү коштоочу табылбай, ал өзү комуз чертип чыккан — ошондон баштап комуз анын негизги шеригине айланган.
«Комуз — менин жашоом. Үнүм менен анын добушу табигый биригет» — дейт ал.
Азыр анын колунда Ысык-Көлдүн өрүгүнөн жасалган, устат Намазбектин колунан чыккан комузу бар. Гүлшада бул аспапка өзүнчө кам көрөт. «Аспапты сыйласаң, ал да сага кызмат кылат».
Чейрек кылымдык чыгармачылык
Филармониядагы 25 жыл — Гүлшаданын профессионалдык фундаментин түзгөн чоң мектеп. Улуу артисттердин тажрыйбасы, гастролдор, сахна — баары анын үнүн жана жүрөгүн бышырды.
Гүлшада үчүн музыка ар дайым адамдарды бөлбөгөн, тескерисинче жакындаткан күч болуп келген. Ал филармония сахнасында да, айылдык концерттерде да бирдей жоопкерчилик менен ырдап, угармандарды жашына, социалдык абалына карабай бир залга, бир сезимге чогулта алган. Мына ушундай жандуу байланыш аркылуу анын чыгармачылыгы коомдогу өз ара түшүнүүнү жана биримдикти бекемдеп турган.
Балдар дүйнөсү: куурчак театрдагы 23 жыл
Гүлшада үчүн өзгөчө бир уютку — Ош облустук куурчак театры. Ал бул театрга 2000-жылы артист болуп келген жана ошол күндөн бери балдарга кубаныч тартуулап келет. Ар бир күнү театрда пьесанын окуусу, куурчактар менен репетиция, анан спектакль.
Гүлшада 10дон ашык каармандын үнүн берет — баары позитивдүү, бир гана Лиса — терс каарман. 23 жыл ичинде анын үнүн уккан миңдеген балдар чоңоюп, үй-бүлө курду, бирок алардын балалык куурчак дүйнөсүндөгү сүйүктүү үндөрдүн бири — Гүлшаданын үнү.
Паспорт алган учурдагы катадан улам Толасова — Таласовага айланган. Бүгүн ал өз фамилиясын «Муса» — атасынын атына карата алмаштырууну ойлоп жүрөт. Муну атасынын атын калтыргысы келгени менен түшүндүрөт.
Сахна костюмдары: ар бир образ — тарых
Гүлшаданын үйүндөгү чоң шкафта ондогон сахналык кийимдер бар. Ар бири — чыгармачылыктын бир баскычы. Көйнөктөрдү Оштук тигүүчүлөргө же дизайнерлерге буюртма кылат. Артист үчүн сырткы образ — маанайдын бир бөлүгү. Бирок Гүлшада үчүн эң маанилүүсү — ички гармония жана сценадан жылуулук берүү.
Кыйынчылык болсо — сабыр, көңүл ооруткан сөз болсо — кечирим, жаман энергия болсо — алыстоо. Анын каткырыгы, жарык үнү жана адамдарга болгон сыйы — анын негизги жүрүм туруму, жашоосу.
«Бир жолу атам сыймыктанып: «Биздин кыз артист болду!» — деп айткан. Мен ал сөздү өмүр бою эстейм, унутпайм», — дейт Гүлшада.
Ал үй-бүлөлүк тойлордо ырдабай коюуну да адат кылган.
«Өзүбүздүн адамдардын алдында эмнегедир уяла түшөм», — деп күлөт ал.
Гүлшада Таласованын чыгармачылыгы — бул жеке артисттик жол гана эмес, музыка аркылуу адамдарды жакындаткан коомдук көпүрө. Анын комузу, үнү жана сахнадагы эмгеги ар кыл муундарды, балдарды жана чоңдорду бириктирип, маданият коомдогу биримдикти бекемдей аларын көрсөтүп турат.
Текст Incredible Osh




