Ош, жаштар, ашар & социалдык биримдик
3 ноября, 2025Саламат Кубаныч кызынын жеке тажрыйбасы аркылуу Оштогу жаштардын биримдиги, өз ара ишеним жана эл аралык колдоонун кандайча бир мейкиндикке айланганын баяндайбыз.
«Биз активист эмеспиз. Биз — бири-бирине ишенген, ашар маданиятын заманбап формада уланткан муунбуз».

2020-жылы миграциядан кайтып келген юрист Саламат Кубаныч таптакыр башка чөйрөгө туш болду. Бул окуя жеке карьера же бир уюмдун ийгилиги жөнүндө гана эмес, шаардагы жаштардын өз ара ишенимге, биргелешкен аракетке таянган жаңы тажрыйбасы тууралуу эле. Акыркы беш жылда жүздөгөн ыктыярчылар, шаар тургундары жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен креативдүү хаб курулду. Бул имарат — социалдык биримдик, краудфандингдин жана өнөктөштүктүн жыйынтыгы менен ишке ашты.
Кайтып келген күндөн башталган жол
2020-жылы Кыргызстанга кайтып келген Саламат Кубаныч кызы кайсы багытты тандай турганын так билген эмес. Юрист адистигине ээ болгон жаш айым жумуш издеп жүрүп «Youth of Osh» уюмунун стажерлук программасына кабыл алынат. Дал ошол жерде ал жаштардын бири-бирине таянып иш кылган, коомго пайдалуу болууну биринчи орунга койгон чөйрөнү көрөт.
«Бул жакка келгенде өзүм үчүн таптакыр жаңы дүйнө ачылгандай болду», — деп эскерет ал.
Саламат өзүн «активист» деп атаганды жактырбайт.
«Биздин ата-энелер муну активизм деп аташкан эмес. Бул — жакыныңзды, тууганыңды, кесиптешиңди, тилектешиңди, кошунаңды колдоо, шаар үчүн бир нерсе кылуу эле. Биз болгону ошол маданиятты азыркы шартта улантып жатабыз», — дейт ал.
Кыялдан — үч кабаттуу коомдук хабга
Жаштар үчүн коопсуз, ачык жана креативдүү мейкиндик түзүү — көп жылдык кыял болчу. Бул жер ар ким кирип, окуп, идеяларын ишке ашырып, коомго пайдалуу боло ала турган борбор катары пландалган.
Курулуш ашар жана краудфандинг ыкмалары менен жүрдү. Шаар тургундары, мугалимдер, жаштар жана ишкерлер өз салымын кошуп, «бир адамдан — бир кирпич» принцибин ишке ашырышты. Майда кайрымдуулуктар биригип, чоң ишке айланды.

Маанилүү өнөктөштөрдүн бири — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) болду. БУУӨП хабдын ички дизайнын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүп, борборду керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлдү. Бул колдоо мейкиндикти инклюзивдүү, заманбап жана бардык жаштар үчүн жеткиликтүү кылууга багытталган болчу.
Натыйжада Кыргызстанда ашар жана краудфандинг аркылуу курулган алгачкы үч кабаттуу коомдук креативдүү хаб пайда болду. Хабдын ичинде: жаштардын өнүгүүсүнө багытталган программалар; ыктыярчылар үчүн координациялык борбор; билим берүү жана креативдүү мейкиндиктер жайгашкан. Бул мейкиндик ар түрдүү социалдык топторду бириктирген аянтчага айланды.
Бириктирген иш-чаралар
Жайкы лагерлер, марафондор, чыгармачыл кечелер, көчө музыкасынын күндөрү жана астрономиялык кечелер — бул иш-чаралар көңүл ачуу менен гана чектелбестен, адамдарды бири-бирине жакындатып, орток максатка бириктирди. Чогулган каражаттар курулушка жана хабдын ишмердүүлүгүнө багытталып турду. Мамлекеттик жана коомдук иш-чараларда ыктыярчылардын бирдей формасы, так сүйлөөсү жана жылмаюусу шаардагы жаштардын жаңы образын жаратты.

Социалдык биримдиктин жандуу мисалы Хабдын дубалындагы мурал, «элдин баласы» деген жазуусу бар байпактар жана майда демилгелер шаардыктарды бир идеянын айланасына топтоду. Айрым учурларда бул аракеттер чет өлкөлүк коноктордун да көңүлүн буруп, кошумча колдоолорго жол ачты.
Жумуш эмес — коомго кызмат
Саламат Кубаныч кызы үчүн бул кызмат кадимки иш графиги менен өлчөнбөйт.
«Бул — акчага сатып алгыс сезим. Сен шаарга, адамдарга керек экениңди түшүнөсүң», — дейт ал.
Акыркы беш жылда ал стажерлуктан уюмдун жетекчилигине чейин өстү. Бул жеке өсүү менен катар коомго болгон ишенимдин бекемделишин да чагылдырат.
Ашардын жаңы формасы
Үч кабаттуу хаб — бул бир уюмдун эмес, бүтүндөй коомдун эмгегинин жыйынтыгы. Ашар, краудфандинг жана эл аралык өнөктөштүк бириккенде, социалдык биримдик кандай реалдуу натыйжа бере аларын көрсөткөн мисал. Бүгүн бул мейкиндик Ош шаарындагы жаштардын үнүн угузуп жатса, эртең ал үн коомдун кеңири катмарына таасир эте алат.
«Бул жалпы эмгек. Мен анын бир бөлүгү болгонума сыймыктанам», — дейт Саламат Кубаныч кызы.
Текст Incredible Osh





