Усталар көчөсүндө шаардын ыргагы жаңырды

Усталар көчөсүндө шаардын ыргагы жаңырды

20 мая, 2023 Выкл. Автор IncredibleOsh

Креативдүү (чыгармачыл) өнөр фестивалы Ош шаарынын чыгармачыл чөйрөсүн өнүктүрүүгө түрткү берди. Ал идеялар менен инновацияларды топтогон, тажрыйба, долбоорлор менен алмашуу жана балким жаңы өнөктөштүктөрдү куруу үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана талкуулары үчүн мейкиндик боло алды. Фестивалдын негизги миссияларынын бири — Ош шаарынын жаратман өнүгүүсүнүн бүгүнкүсү менен келечегине кызыккандардын башын бириктирүү.

«Биз шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдө инновациялык ыкманы колдонууга аракет кылдык, аны креативдүү жер түзүү – аймактарды креативдүү өнүктүрүү деп аталат. Бул эмнени билдирет? Бул ар кандай өнөктөштөр тарабынан аймактын мүнөзүн стратегиялык жактан калыптандыруу жана ошону менен экономикалык өнүгүүнү тездетүү, узак мөөнөттүү социалдык өзгөрүүлөргө жана инфраструктураны жакшыртууга көмөктөшүү максатында чыгармачыл ишкердүүлүктү жана маданий өзгөчөлүктөрүн пайдалануу болуп саналат”, — дейт «Аялдар тынчтык банкы» коомдук уюмдун жетекчиси Гүлсана Абытова.

Креативдүү иш-чаранын кичинекей катышуучулары жана коноктору түрдүү мастер-класстарга кызыгуу менен катышып, өнөрлөрүн өркүндөттү. Акбий Дооронов пластилинден кызыктуу фигураларды жасоону көрсөттү, Акинай Кушбакова фестивалдын катышуучулары менен бирге акварель менен сүрөт тартты, Кимия Төрөгелдиева курактын сырлары менен бөлүштү, Мырзагүл Кыпчакова эпоксиддүү чайырдан буюмдарды жасашты үйрөттү, Лариса Кузнецова арт-терапия боюнча мастер-класс өттү, Той-Арт студиясынын карапачылары карапа жасоону көрсөтүштү.

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы жана Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин студенттери жана мугалимдери ачык асман алдында чакан концерт тартуулады.

Шаардык мейкиндиктерди жаңыча өнүктүрүү жана креативдүү стартаптарды колдоого багытталган оригиналдуу долбоорлорду талкуулоого жана ишке ашырууга көбүрөөк адамдарды тартуу максатында мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. «Эгерде Ош шаарынын мэриясы, жеке ишкерлер жана башка өнөктөштөр креативдүү тармактарды өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашуу аянтчаларына кызыкдар болсо, абдан жакшы болот. Мындай иш-чаралар жакшы акча талап кылат. Бюджеттен каражат бөлүнүш керек, ар кандай жамааттар жана топтор менен иштешүү зарыл», — дейт Бактыгүл Мидинова.

«Шаарга мындай иш-чаралар сөзсүз керек! Ушундай иш-чаралар тез-тез жана үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл. Анан уюштурууда креативдүү жагы абдан маанилүү, бардыгы адаттан тыш, оригиналдуу болушу керек», — деп ой бөлүшүштү фестивалдын коноктору.

«Келечекте кол өнөрчүлүк кандай өнүккөндүгүн сүрөттөп айтып берген, тарыхый көчөлөрдү кыдырып сити-турлар уюштурулса жакшы болот эле. Заманбап креативдүү тармактарды өнүктүрүү менен мурунку тажрыйбаны айкалыштырсак сонун болмок”, — дейт фестивалдын катышуучуларынын бири.

Фестивалдын мейкиндиктери келечекте жаңы ысымдар үчүн аянтча болуп калышы керек. Усталар тажрыйбасына карабастан бири-бири менен билимдерин ортого салышса, жаңы чыгармачылык кызматташтыктар жаралмак. Сулайман тоосунун астындагы Гапар Айтиев көчөсүнөн Навоиге чейинки Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бүт аймак Оштогу усталардын, кол өнөрчүлөрдүн, бардык чыгармачыл тармактардын өкүлдөрүнүн мейкиндигине айланышы жакшы болмок эле. Фестивалдан кийин пайда болгон идеялардын бири. Бул иш-чаранын уюштуруучулары жаңы идеяларды жана сунуштарды талкуулоо үчүн аянтча түзүү демилгесин өз колдоруна алышса жакшы болот эле.

« из 12 »

Поделиться ссылкой: