#Ош Биринчи креативдүү фестиваль!

#Ош Биринчи креативдүү фестиваль!

15 мая, 2023 Выкл. Автор IncredibleOsh

Креативдүү өндүрүштүн Оштогу биринчи фестивалы Сулайман тоосунун этегинде шаардын тарыхый көчөлөрүндө өттү. Иш-чаранын негизги максаттарынын бири – тарыхый-маданий мураска болгон сый мамилени калыптандыруу, чыгармачыл тапкычтыкты өнүктүрүү аркылуу этномаданий көп түрдүүлүк идеяларын жайылтуу. Жергиликтүү чеберлер менен усталардын, кол өнөрчүлөр менен сүрөтчүлөрдүн башын бириктирген Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейи болду.

Фестивалдын өзгөчөлүгү панелдик дискуссиялык аянтчалары болду, анда атайын чакырылган баяндамачылар жана эксперттер иш-чаранын коноктору менен эркин баарлашуу форматында Оштун жаратман өнүгүшү боюнча өз көз караштары, демилгелери менен бөлүшүштү.

Алардын ичинде: Кыргызстан креатив өндүрүш ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева, өлкөдөгү чыгармачыл өндүрүштүн жалпы өнүгүүсү боюнча өз көз карашы менен бөлүштү; Акмарал Сатинбаева, YOUTH of OSH жаштар уюмунун директору, жаштардын чыгармачылык борбору жөнүндө айтып берди; Абдулкадыр Муса уулу, Ош шаарындагы IT технологиялардын өнүгүшү жөнүндө сөз кылып кетти; Майя Беделбаева, Ecopuzzle демилгеси жөнүндө кеңири айтып берди.

Экофотограф Назгүл Эмилбекова шаардын экологиялык абалы тууралуу фотообъектив аркылуу айтып берди; Айталы Турматов, тарыхы бар буюмдардын өзгөчөлүгү жөнүндө айтты; «Бай-Алай» долбоорунун жетекчиси Иманалы Түркбаев креативдүү тармактардагы жана жашыл экономикадагы ийгиликтүү тажрыйбалар жөнүндө; Экологиялык адаттарды калыптандырууга багытталган Tazar KG долбоору тууралуу «Тазар Мекеним» коомдук уюмунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Ирина Агафонова айтты; Гүлнура Ажиева, мектептердеги экологиялык долбоорлор ачуу тууралуу. Уюштуручуулардын айтуусу боюнча “алардын чакырыктары шаардыктарга угулгандай сезилет”.

Фестивалдын программасында шаардыктар креативдүү жана кызыктуу нерсени тапты деп ишенебиз. Анын алкагында жергиликтүү дизайнерлердин коллекциялары жана стрит-арт көргөзмөлөрү, сүрөт сынактары, ошондой эле ар ким өз колу менен бир нерсе жасап, жакындарына жана досторуна белек кыла ала турган ар кандай мастер-класстар өттү. Фестивалдын эң жаш катышуучулары үчүн атайын иш-чаралар уюштурулду.

Ошол күнү эрте менен жамгыр жаап, фестиваль болбой калат же башка күнгө жылдырылат деген кооптонуулар болгон. «Бирок күтүлбөгөн жерден асман ачылып, күн чыгып, жамгырдан кийин жеңил жаз сергектиги пайда болду иш-чарабыз жакшы маанайда өттү», — фестивалдын уюштуруучулары айтышты. «Шаардын ыргагы» креативдүү фестивалы жаңы досторду жана өнөктөштөрдү тартуу менен жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарага айланат деп ишенели.